Жада калса аялын тартып алат экенсиңер! Депутат профсоюз башчыларын тилдеди

Депутат профсоюздун жетекчилери кол алдындагылардын үй-бүлөсүнө бүлүк салгандан кайра тартпай калганын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бүгүн "Кесиптик бирликтер тууралуу" мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өтүп, бул тармакта иштеген жетекчилер сынга кабылды.

Комиссиянын төрагасы, депутат Таабалды Тиллаев профсоюз уюмунун жетекчилеринин мыйзам бузууларын айтып жатып, алар кол алдындагылардын үй-бүлөсүнө бүлүк салгандан кайра тартпай калганын билдирди.

"Профсоюз кеңешинин 29 мүчөсүнүн эбегейсиз каржылык мыйзам бузуулары, 30 жылдан бери кызматтан түшпөгөн кадрдык маселелери аныкталды. Эми уялат экенсиң, кол алдындагы кызматкерлерди куугунтуктап, үй-бүлөлүк мааниге чейин түшүптүр да. Мүлк бул жакта турсун, жада калса, аялдарын да тартып алат экенсиңер. Ыйлап келишти "менин аялымды тартып алышты" деп. Ошол эле кишинин күйөөсү бар балдызын да алып алыпсыңар. Мындай учур чет өлкөгө эс алууга чыкканда болот экен. Эми бул айта турган нерсе эмес, бирок коомчулук билиши керек", — деди Тиллаев.

Мындан сырткары, эл өкүлү Кесиптик бирликтерге жылына мамлекеттен 300 миллион сом бөлүнүп, жумушчулардан чогулган акчаны кошкондо бюджети бир миллиард сомго жетерин кошумчалады. Бирок ошого карабай, ден соолукту чыңдоо мекемелеринин абалы мышык ыйлаарлык экенин айтты.

"Бизди кой деп аташууда". Депутат Рыспаевдин ызаланган видеосу
"Ирилеринен айтайын, бүгүнкү күндө "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийи менен "Жалал-Абад" курорту кароосуз калып, жерлери сатылып кеткен. Бир райондо 1300 мугалим болсо, бир жылда анын 60ын гана курортко жибериптир. Ал эми "Кумтөр" ишканасы 8000 жумушчунун 1300үн эс алууга жөнөткөн", — деди депутат.

Буга чейин депутаттар тарабынан Кесиптик бирликтердин укуктарын кайрадан ыраатташтыруу үчүн мыйзам долбоору сунушталган. Бирок Кесиптик бирликтердин федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы экени белгилүү болгон. Бул мыйзам талкууга түшкөндүктөн талдоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Аталган мыйзамга 1998-жылдан бери өзгөртүү киргизиле элек. Сунушталган долбоор кызматкерлердин жаш курагын 65тен ашырбоо, чогулган каражаттын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.