Илбирс, каман, улар... "Чоң-Кемин" паркындагы жаныбарлардын сүрөтү

Акыркы жылдары жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын саны өсүп жатканы байкалган. Маселен, 2019-жылы Орто Азияда жоголуп бара жаткан каман (жапайы чочко) эки эсе көбөйгөнү айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Чүйдөгү "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынан жаныбарлардын бир нече түрүн жолуктурууга болот. Алардын арасында илбирс бар экендигин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, паркта 200 омурткалуу жаныбар, жерде-сууда жашаган жаныбардын эки түрү жана балыктын тогуз түрү бар. Ошондой эле 11 түр сойлоп жүрүүчү, сүт эмүүчүлөрдүн 45 түрү жана уя салган 140 канаттуу жашайт.

Токойдогу жан-жаныбарлар үчүн соттошуп. Кеминдиктердин тоо-таш аралаган видеосу
Акыркы жылдары "Чоң-Кемин" жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын саны өсүп жатканы айтылат. Маселен, 2019-жылы Орто Азияда жоголуп бараткан каман (жапайы чочко) эки эсе көбөйгөн.

Парктын аймагынан ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, аюу, аркар, марал жана башка кызыл китепке кирген жаныбарларды жолуктурууга болот. Ошондой эле бул жакта 600дөн ашуун өсүмдүктүн түрү каттоого алынган.