Кечээ Афганистанда кыйраган учак АКШга таандык болуп чыкты

27-январь күнү Афганистандын Газни провинциясында аба кемеси кыйраган.  Көп өтпөй "Талибан" радикалдык уюму бул кырсык боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алган. 
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. АКШнын Афганистандагы күч түзүмдөрүнүн башчылыгы 27-январь күнү Газни провинциясында  кыйраган учак Американыкы экенин билдирди. Бул тууралуу Sputnik радиосу маалымдады.

"Американын Bombardier E-11A учагы кечээ Афганистандын Газни аймагында кулады. Бирок аны согушкерлер атып түшүрдү деген маалыматка ишенген жокмун. Азыр иликтөөлөр жүрүп жатат, бирок душмандын аткылоосунан кыйраганынын эч бир белгиси жок", — деп жазды командирликтин полковниги Сонни Леггетт өзүнүн Twitter баракчасына.

27-январь күнү Афганистандын Газни провинциясында аба кемеси кыйраган. Бортто 83 адам болгону айтылган. Баштапкы маалыматтар боюнча, учак афгандык Ariana Afghan Airlines компаниясына таандык делген. Бирок авиакомпания бул маалыматты төгүндөгөн.

Афганистанда кыйраган учак. "Талибан" жоопкерчиликти өз мойнуна алды
Ал эми жергиликтүү Tolo News каналы учак кыйраган жерден тартылды делген видеону көрсөтүп, аба кемеси АКШнын Аскер-аба күчтөрүнө таандык экенин айтып чыккан. Associated Press агенттиги ошол эле видеого шилтеме берип, кеп АКШнын аталган күчтөрү Афганистандагы чалгындоо иштерине пайдаланган Bombardier E-11A учагы тууралуу болуп жатышы мүмкүн экенин билдирген.

Көп өтпөй "Талибан" радикалдык уюму Афганистанда кыйраган учак боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алган.