Улуу Британия Brexit процессинин урматына жаңы монета чыгарат. Сүрөт

Буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Европа биримдигинен чыгуу боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Эми өлкө биримдиктен расмий түрдө 31-январь күнү саат 11де чыгышы күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Улуу Британиянын парламент мүчөлөрү менен казыначылыктын канцлери Саджид Жавид өлкө Европа биримдигинен (Brexit) чыгуунун урматына жаңы монета чыгарып жатканын билдирди. Бул туурасында Sputnik радиосу кабарлады.

Жавид 50 пенни номиналындагы монетанын үлгүсүн Twitter баракчасы аркылуу көрсөттү.

​Тыйын кара-көк түстө. Ага англис тилинде "Бардык өлкөлөр менен тынчтыкта, достукта бололу, өркүндөп-өсөлү. 2020-жыл 31-январь" деп жазылган.

Монета Британия ЕБдин катарынан 31-январда чыгып жаткан учурда жарык көрөрү айтылат.

"Бул монета Британия тарыхында эң маанилүү жаңы бөлүмдүн башталышын билдирип турат", — деп жазган Жавид.

Буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Европа биримдигинен чыгуу боюнча мыйзам долбооруна кол койгон.

Британия Евробиримдиктен расмий түрдө 31-январь күнү саат 11де чыгып кетиши күтүлүүдө. Ушул эле күнү Европарламент өлкөнү катардан чыгаруу маселеси боюнча добуш берет. Депутаттар британ парламенти кабыл алган келишимди жактырышы мүмкүндүгү айтылууда.