Ош: кылмыштуу топтун 16 мүчөсү милицияга чакыртылып эскертүү алышты. Сүрөт

Милиция кылмыштуу топтун мүчөлөрүн чакырып, мыйзам бузбай, коомдук тартипти сактоо керектигин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Ош шаардык милициясы 23-25-январь күндөрү "Бандит" деген аталыштагы рейд жүргүздү. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган 16 жаран алып келинип, профилактикалык чаралар жүргүзүлгөн. Аларга мыйзамды бузбай, коомдук тартипти сактоо зарылчылыгы эскертилген.

Мындан сырткары, Криминалдык милициянын көзөмөлүндө турган кылмыш жасоого кызыкдар, кылмыштуу топтор менен мурда байланышы болгон жана соттолуп чыккан жарандарга да эскертүү берилген.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жумуштар аткарылган:

  • Мурда жасалган 57 кылмыштын бети ачылды;
  • Издөөдө жүргөн кылмышка шектүү төрт жаран кармалды;
  • Дайынсыз жоголгон эки адамдын жүргөн жери аныкталып, туугандарына маалымат берилди;
  • Терезелери караңгылатылган 22 автоунаанын ээсине айып салынып, алты мас айдоочу кармалды.

Ош: жабылган саунаны кайра ачып, сойкукана уюштурууга шектелген аял кармалды
Ошондой эле 2019-жылы Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун сегиз мүчөсү кармалып, жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бирөөнө издөө жарыяланган, учурда ал Россияда жашырынып жүрөт. 

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ош шаарында 34 адам каттоого алынган. Учурда алардын ичинен бирөөсүнүн үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Былтыр 16 кылмыштуу топтун мүчөсүнүн үстүнөн 23 кылмыш иши тергелип, азыркы тапта сегизи абакта отурат. Ал эми 9 адам чет өлкөгө качып кеткен.