Абылгазиев Кытайга барып-келүү кайсы убакка чейин чектелгендигин айтты

Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте чара көрүп, оперативдик штаб түзүлгөн. Ошондой эле бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдарын токтотту. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Абылгазиев кезектеги жыйын учурунда коронавирустан сактануу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер боюнча айтып берди.

Премьер-министр белгилегендей, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте чара көрүлүп, оперативдик штаб түзүлгөн. Ошондой эле бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган.

Коронавирус чыккан Ухань шаарында кыргызстандык канча адам бар экени айтылды
Мындан тышкары, 23-январь күнү Кытай менен бардык транспорттук байланыштарды, анын ичинде Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамын абал турукташканча токтотуу боюнча чечим кабыл алынганы айтылды.

Эске салсак, акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда чыккан коронавирус 2,8 миң адамга жугуп, 80 кишинин өмүрүн алды. Ал Кытайдан тышкары Азия өлкөлөрүндө жана АКШ, Францияда катталды.

Бактыга жараша, Кыргызстанда бул боюнча абал тынч. Ишемби күнү мессенджерлерде коронавирустун биздин өлкөгө жетиши боюнча маалымат тарап, бирок аны Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев четке какты.