Коронавирустун алгачкы сүрөтү жарыяланды

Вирустун сүрөтү соцтармактар менен жалпыга маалымдоо каражаттарына тарап жатат. Ал микроскоптун жардамы менен тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын Көзөмөл жана профилактика улуттук борбору 2019-nCoV коронавирусунун сүрөтүн сайтына жарыялады.

Электрондук микроскоптун жардамы менен тартылган сүрөт ЖМКлар менен соцтармакка тездик менен тарап жатат.

​Эске салсак, акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда аталган вируска 2,8 миң адам чалдыгып, 80 киши каза тапты.