Жээнбеков чек ара боюнча маанилүү документке кол койду

Документке ылайык, Кыргызстандын өткөрмө пункттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы талаптарына шайкеш келтирүү мөөнөтүн 2021-жылдын 12-августуна чейин узартылды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча документке кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеп Кыргызстан тарабынан Евразия экономикалык биримдиги боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу болуп жатат.

Жээнбеков ЕЭК коллегиясынын төрагасы Саркисянды "Даңк" медалы менен сыйлады
Документке ылайык, Кыргызстандын өткөрмө пункттарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы талаптарына шайкеш келтирүү мөөнөтүн 2021-жылдын 12-августуна чейин узартылды.
Буга чейин акыркы дата катары былтыркы жылдын 12-августу көрсөтүлгөн.

Эми Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына көрсөтүлгөн протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.