БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Манас" эл аралык аэропортунда жана "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы коронавирус илдетин алдын алуу жана аныктоо иштери менен таанышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сагынбаевдин айтымында, учурда бул илдеттен коргонуу үчүн бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Атап айтканда, өткөрмө бекеттеринде жана аба майдандарда дарттын белгилерин аныктоочу тепловизорлор иштөөдө.
"Биз Кытайда тарап жаткан илдеттин алдын алуу жана аныктоо жаатында санитардык-карантиндик көзөмөл пункттардын даярдыгын текшердик. Кыргызстандын аймагында бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган жок деп айта алам. Ыкчам маалыматтарды Саламаттык сактоо министрлиги жана башка тиешелүү органдар берип жатат", — деди Сагынбаев.
Ал ошондой эле республиканын бардык аймактарында абалды текшерип туруу үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб ачылганын белгиледи. Кыргызстандын аймагына кирген жарандардын абалы тууралуу ар бир көзөмөл пунктунан саат сайын маалымат берилип турат.
Мындан тышкары, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев "Токмок", "Кең-Булуң" жана "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө жайларына барып текшерди.