АКШнын Багдаддагы элчилигин аткылоодон бир нече киши жарадар болду

Телеканал "ушул ирмемдерде ал жерде тик учактар элчиликтин имаратынан элди алып чыгып жатат" деген маалымат берди.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Багдаддагы АКШнын элчилигине урулган реактивдүү снаряддын соккусунан бир нече киши жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости "Ас-Сумария" телеканалына шилтеме берип билдирди.

Телеканал "ушул ирмемдерде ал жерде тик учактар элчиликтин имаратынан элди алып чыгып жатат" деген маалымат таратты.

Буга чейин "Аль-Арабия" коопсуздук кызматындагы маалымат булактары АКШнын элчилигине үч ракета түшкөндүгүн, анын бири дипломатиялык миссиянын ресторанына тийгендигин кабарлаган. Маалыматта жаракат алгандардын жок экендиги айтылды.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта башталган.

Иран депутаты Трамптын башы үчүн 3 млн. доллар сунуштады
Мындан кийин "Хезболла" уюмунун тарапкерлери Багдаддагы америкалык дипломатиялык миссияны камалап, андан соң Вашингтондун атайын операциясында ирандык генерал Касем Сулеймани каза тапты. Аны менен кошо шииттер уюмунун жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис көз жумган.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан.

8-январга караган түнү Иран АКШнын Ирактагы аскерий аба базаларына чабуул жасаган. Тегеран муну генерал Сулаймани үчүн өч алуу деп баалаган.