Кардарыма көчөдө тааныбаган кишидей мамиле кылам. Психолог Сыдыкова менен маек

Психолог — бул эч кимге бир беткей баа берип жеке пикирин таңуулабаган, адамгерчиликтүү, түшүнүктүү маектеш.
Sputnik

Бишкектик психолог Саадат Сыдыкова бул кесиптин ээлерин дал ушундай сүрөттөйт. Өзү Казакстандын психоаналитикалык психотерапия коомунун жана Европанын кесипкөй психоаналитиктер конференциясынын (EFPP) мүчөсү. Адамдын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, иштеп келе жатканына бир нече жыл болду.

Бүгүн ал Sputnik Кыргызстандын окурмандарына өзүнүн кызыктуу кесиби жана психологдун бүгүнкү күндөгү ролу тууралуу маек куруп берди.

— Кээде баланы шыгына карап "тикмечи болот" же "дарыгер болот" деп божомолдойбуз го. Психологго кандайдыр бир тубаса сапаттар керекпи же бардыгы атайын билим алгандан кийин пайда болобу?

— Экөө тең зарыл. Билимиң жок эч нерсе кыла албайсың, тубаса шык болбосо бир нерсени өздөштүрүү дагы кыйын.

— Сиз психологияга кантип келип калдыңыз?

— Мен бала кезде хирург болгум келчү. Элди дарылайм, жардам берем деп кыялданчумун. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, мугалимдик кесипти аркалап калдым. Дал ошол мектепте иштеп жүргөн кезде психологияга кызыгып, кайрадан окууга тапшыргам. Аны бүтүп  мектепте психолог болуп жүргөн кезде өзүмө нааразычылык пайда болуп, бул ишти дагы таштап койгом. Кийин бала-чака, үй-бүлө менен алпурушуп жүрүп, бир күнү кайра психологияга кайтуу каалоосу пайда болду. Азыр Москвадагы психоанализ институтунун акыркы курсунда окуп жатам.

Кардарыма көчөдө тааныбаган кишидей мамиле кылам. Психолог Сыдыкова менен маек

— Психолог деген ким?

— Психолог адамгерчиликтүү, уга билген адам, ал эч качан адамга кеңеш бербейт. Психолог кардары үчүн сүзгү болушу керек. Себебин түшүндүрө кетейин. Психологияда жеке терапия деген түшүнүк бар. Психолог болом, башкаларга жардам берем деген ар бир адам алгач өзүнүн жан дүйнөсүн дарылап, сакайтып алышы керек. Эгер анын жан дүйнөсүндө кандайдыр бир жаракат болсо, кардар менен иштөөдө бирде болбосо бирде билинип калышы мүмкүн. Мисалы, өзүнүн окуясы менен кардардыкы окшошуп калды дейли. Мында адис кырдаалга реалдуу карай албай, ага кайрылган адамга туура эмес кеңеш берип коюшу мүмкүн. Ошондуктан өзүнүн жан дүйнөсүндө гармония болушу шарт. Антпесе кардардын убактысы менен акчасы текке кетип калат. Ал эле эмес, зыяны дагы тийип калышы ыктымал.

— Анда психологдун дагы өз психологу болот турбайбы?

Бообекова: күтүү бактысыздыкка алып келиши мүмкүн
— Сөзсүз, ансыз адис профессионалдык жактан "күйүп" кетиши мүмкүн. Дегеним, жеке терапиядан өткөн адис деле маал-маалы менен башка кесиптештерине кайрылып, пикир алышып турат. Бул процессти супервизия деп коет. Эки же андан көп психолог жолугушуп, кандай кардарлар менен иштеп жатканын, ал учурдагы өз сезимдерин айтып берип, ой бөлүшүшөт. Антпесе, өзүңөр деле ойлоп көрсөңөр, кардар эч кимге айтпаган ымандай сырын, жан дүйнөсүн кыйнаган, чиймеленген окуяларды айтып берет. Адис ошол кырдаалга өзү чөгүп кетпеш үчүн башка кесиптештери менен ой бөлүшүп, сүйлөшүп турушу керек.

— Кардар ымандай сырын айтат деп жатасыз. Бул нерсе купуя сакталса керек?

— Албетте, купуялуулук сакталат. Антпесе ким эле жан дүйнөсүн ачып салмак эле? Бул жактан мен өзүмө бир нече эреже иштеп чыккам. Мисалы, кардар менен кабинетимде гана таанышмын. Ортобузда бир гана кардар менен психологдун мамилеси болот. Эгер аны көчөдөн көрүп калсам, өзү биринчи салам бербесе, мен аны тааныбагандай мамиле кылам. Телефонун эч качан сактабайм, социалдык тармактарда достошпойм. Кабинеттен тышкары жолугушууларга тыюу салам.

— Кардар менен жалпы тааныштардын арасында кезигип калган учурлар болобу?

— Бир жолу тааныштардыкына конокко барсам, кардарым жүрөт. Мени көрүп чочуп, кабак-кашы бузула баштады. Жалпы тааныштарыбызга сырымды айтып коет деп корктубу, айтор, ыңгайсыз кырдаал түзүлдү. Бирок мен аны биринчи жолу көргөн кишидей болуп таанышып, ал-жай сурашып койдум. Ошондо гана бир аз жаны жай ала баштады. Өзүмө жогорку эрежелерди түзүп алышыма ушул окуя дагы бирден-бир себеп болгон.

Баса, тааныштар жана тааныштардын жакындары менен да таптакыр иштешпейм. Мисалы, курбумдун кызы мага кардар болуп калды дейли. Баарыбыз эле пендебиз да, курбум "кызым эмне болуп жатыптыр" деп менден сөзсүз сурайт да. Мен болсо кардардын сырын ачпайм. Ошентип мамилелерге доо кетиши мүмкүн.

— Бир нече жыл мурда эле Кыргызстанда кыргыз тилдүү, улуттун менталитетин жакшы билген психологдор жок деп айтылып жүрчү эле...

Операциядан соң эсине келген жигит акылынан айнып... Хирургдун баяны
— Менталитет менен салттуу билимди айкалыштырыш оңой эмес. Бир эле мисал келтирейин, өзүм кыргыздын каада-салтын көрүп чоңойгон адаммын. Биз "бейиш эненин таман алдында", "эч качан энеге ачууланбаш керек" деген түшүнүк менен чоңоет эмеспизби. Мисалы, эркек балдар апасына кандайдыр бир таарынычы, капачылыгы болсо ошону билдирбей, жүрөгүндө сактап чоңоет экен. Кийин аны жашоосунда экинчи эң жакын аял, тагыраагы, келинчегинен чыгарат. Ал тургай кээ бирөө аша чаап, аялын сабап, өлтүрүп алганга чейин барып жатышпайбы. Ушул эле жерден ата менен кыздын ортосундагы мамилеге токтоло кетсем, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө кыз атасынан оолагыраак чоңоет. Сезимдерин, сырын айта бербейт. Мунун аркасынан атасынын сүйүүсүн толук сезбей калат. Бул келечекте күйөө тандоого, аны менен мамиле курууга терс таасир этип коюшу мүмкүн.

Мен бул стандарттарды кыргыздын менталитетине келтирип, ортодон бир нерсени алып чыкканга аракет кылам.

Кардарыма көчөдө тааныбаган кишидей мамиле кылам. Психолог Сыдыкова менен маек

— Туугандарыңыз же жакындарыңыз психологиялык жардам сурашабы? Аларга кеңеш бересизби?

— Кээде жакындарым "башкалар менен укмуш сүйлөшөсүз, аларга көп көңүл бурасыз" деп нааразы болгон учурлар болгон. Мен аларга "мен силерге психолог эмесмин, эжеңермин, бир тууганыңармын, апаңармын, жардам керек болсо, башка психологго кайрылгыла" деп түз эле айтам.

— Өзүңүздүн жан дүйнөңүз кыйналган учурда кантесиз?

Эртели-кеч ушуга барабыз. 50дөн ашканда кесип алмаштырган Замиранын баяны
— Тирүү адам болгондон кийин мен дагы сүйүнөм, ачууланам, маанайым чөгөт, корккон нерселерим бар. Эл арасында психолог эч качан ачууланбашы керек деген жаңылыш түшүнүк бар. Ким болбосун ачууланат, жинденет. Бул нормалдуу эмоция. Болгону ошол сезимди кийинкиге зыяны тийип калбагыдай, конструктивдүү билдириш керек.

Терс эмоциялардан кутулуу үчүн эртең менен чуркайм, бош болгондо тоого чыгам. Стресске түшпөш үчүн адам бирөөгө болгон таарынычын, сагынычын, пикирин ачык айтып турушу керек.

— Жеке мага азыр стресстик абалда, ойго батып жүргөн адамдар көптөй сезилет. Балким сиз айткандай, сезимдерди сыртка чыгаргыбыз келбей, шашма, кымгуут жашоодо жашап жаткан үчүндүр?

— Туура айтасыз. Азыр кайсы жакты караба, кабагы салыңкы кишилер көп. Албетте, ар кимдин ар кандай көйгөйү бар деңизчи. Бирок анын негизги себеби — жакын адамдарыбыз менен жакшы сүйлөшө албаганыбыз. Өзүбүздүн жан дүйнөбүздө эмне болуп жатканын билбегенибиз.

Психологдун негизги максаты — адамга өз жан дүйнөсүн угууга жардам берүү. Биз адамга башка жактан бир нерсени алып таңуулабайбыз.

— Айтсаңыз, сизге көбүнесе кандай маселелер менен кайрылышат?

— Балдарым менен тил табыша албай калдым дегендер көп. Экинчи кезекте психологиялык жаракат алып, депрессияда жүргөндөр. Үчүнчүдөн, акчасы, кызматы, ден соолугу бар, бирок коомдо өзүнүн ордун таппай кыйналгандар кайрылат.