Жүрөк зыркыраткан статистика: Кытайда коронавирустан көз жумгандар 56га жетти

Учурда коронавирус жугузуп алган 324 адамдын абалы оор экендиги айтылды. Дагы 2684 киши илдетке кабылган болушу мүмкүн деп текшерилип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кытайда жаңы типтеги коронавирус менен ооругандардын саны 1975ке жетип, анын 56сы каза тапты. Бул туурасында РИА Новости өлкөнүн Саламаттык сактоо мамлекеттик комитетине шилтеме берип жазды.

Кечээ, 25-январда, 1287 адам илдетке кабылып, 41 киши көз жумганы айтылган.

Учурда коронавирус жугузуп алган 324 адамдын абалы оор экендиги маалымдалды. Дагы 2684 киши илдетке кабылган болушу мүмкүн деп текшерилип жатат.

Вирус Кытайдын 30 регионунда каттоого алынды. Андан тышкары, 24 миллион калкы бар Шанхайда дагы илдет жугузуп алгандар байкалып, жекшемби күнү эртең менен биринчи бейтап каза тапты.

Вирус тууралуу эмне белгилүү?

Кытайдагы кыргыз студент: коронавирустан улам айрымдар Бишкекке кетүүгө камынууда
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Кытайдан башка бир нече мамлекетте да бул ооруну жуктуруп алгандар каттала баштады. Буга байланыштуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Кыргызстанда да мындай абал көзөмөлгө алынып, ТИМ мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.