Радио

Ойтемиров: мыйзамда декреттик өргүү эркек-аял үчүн бирдей каралган

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров мыйзамда кызматкерлердин эс алуу күндөрүнүн беш түрү көрсөтүлгөнүн айтты.
Sputnik
Ойтемиров: мыйзамда декреттик өргүү эркек-аял үчүн бирдей каралган

Мыйзам боюнча мүмкүнчүлүк бар экенине карабастан, Кыргызстанда эркектер декреттик өргүүгө дээрлик чыкпайт. Бул тууралуу Махмуд Ойтемиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым мекемелер кызматкерлерине баланы багууга байланыштуу эмгек өргүү тууралуу маалымат бербейт.

"Эмгек кодексинде эс алуу күндөрүнүн беш түрү бар — майрам, дем алыш күндөр, күндөлүк ичиндеги тыныгуу, эмгек өргүү жана шартка байланыштуу өргүү. Эмгек кодексинин 133-беренесине ылайык, аталар бала төрөлгөндөн кийин беш күнгө акы төлөнбөгөн өргүү алса болот. Бул баланын төрөлүшүнө гана байланыштуу. Мындан сырткары, аталар энелер сыяктуу эле бала үч жашка толгонго чейин эмгек өргүүгө чыга алат. Мыйзамда декреттик өргүү ымыркайдын атасы үчүн да, апасы үчүн да бирдей каралган. Эркектер мындай эс алууга чыккан учурда жалпы иш стажы жазылып, кызматы сакталат", — деди Ойтемиров.

Адис жубайлардын экөө тең мамлекеттик кызматкер болсо, эмгек өргүүгө атасы чыккан учурда апасына мындай мүмкүнчүлүк берилбей турганын кошумчалады.