Үрөй учурат! Индияда киши кебетелүү улак туулду. Видео

Эксперттер улак циклопия кемтиги менен туулгандыгын боолголошкон. Мындай тубаса ооруда беттин түзүлүшү бузулуп кетет.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Индиядагы Раджастан штатында мутант улак туулуп, анын маңдайы кишинин бетин элестетип турат. Аймактын жашоочулары аны "Кудайдын аватары" деп аташканын New York Post жазды.

Малдын ээси Мукеши Праджап улак тең салмактуулугун кармоого аракет кылып, куйругун шыйпаңдатып жаткан видеосун жүктөдү.

Эксперттер улак циклопия кемтиги менен туулгандыгын боолголошкон. Ооруда беттин түзүлүшү бузулуп кетет.