Бишкекте төрт унаа кагышып, адамдар жабыркады. Видео

Төрт адам жаракат алган жерде милиция жана Тез жардам кызматкерлери иштеп жатканы айтылды. Окуя Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде болду.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте төрт автоунаа кагышып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу "Короче" телеграм каналы жазды.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 26-январь күнү, саат 15.20да Бишкектин Жибек Жолу проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде болду.

Жеринде милиция жана Тез жардам кызматкерлеринин иштеп жатканы айтылды.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалыматты тактап жатат.