Түркияда жер силкинип, 19 адам көз жумду. Сүрөт

6,8 баллдык жер титирөө кечээ саат 20:55те болгон. Эпицентри Элазык провинциясынын Сивриже шаарында экендиги кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Түркиянын чыгыш тарабындагы Малатья жана Элазыг провинцияларында жер титиреп, кеминде 19 адам көз жумганын Anadolu агенттиги кабарлады.

Андан сырткары, 922 киши жаракат алган.

6,8 баллдык жер кечээ саат 20:55те болгон. Эпицентри Элазык провинциясынын Сивриже шаарында экендиги кабарланды.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын абалга көз салып турганы айтылды. Ал кырсыктын кесепетин жоюу үчүн болгон аракеттер жумшаларын билдирген.

Агенттиктин маалыматына караганда, кырсык болгон жерлерде 483 команда иштеп, элге материалдык жардам жеткирилүүдө. Аталган аймактагы мобилдик операторлор байланыш кызматын бекер көрсөтүп жатат.