Антонина Шевченко UFC турниринде америкалык Синтия Калвилло менен беттешет

Кыргызстандык мушкер кыз Небраска штатынын Линкольн шаарында өтчү UFC Fight Night show турниринин алкагында октагонго чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченконун бир тууганы Антонина Шевченко америкалык Синтия Калвилло менен беттешмей болду. Бул тууралуу UFC Russia уюмунун Instagram аккаунтунда айтылат.

Мушкер кыз 25-апрелде Небраска штатынын Линкольн шаарында өтчү UFC Fight Night show турниринин алкагында октагонго чыгат.

Нуньес: Шевченко карьерамдагы эң татаал атаандаш болду. Видео
Шевченконун атаандашы 32 жашта. Эки кыздын беттеши UFC Fight Night 173 турниринин башкы таймаштарынын бири болмокчу.

Синтия Калвилло эң жеңил салмак категориясында 2017-жылдан бери октагонго чыгып келет. Бул анын жеңил салмак категориясындагы биринчи беттеши болмокчу. Калвилло буга чейин сегиз ирет жеңип, бир жолу утулуп, дагы бир жолу атаандашы менен тең чыккан. Шевченконун дагы куржунунда сегиз жеңиш бар, анын экөө дүйнөдөгү эң күчтүү делген лиганын алкагында болгон. Акыркы таймашында мекендешибиз чехиялык Люси Пудилованы утуп алган.