Байгеге батир, беш машина коюлду. Кара-Сууда аламан улак өтүп жатат. Сүрөттөр

Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан улакчылар келген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында ири аламан улак өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктар бар.

Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан улакчылар келген. Болжол менен 1000дей киши катышып жатканы айтылды.

Бүгүнкү аламан улакты Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрүүдө. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берип жатат.