Бишкектин борборундагы автокырсыктан аял киши жабыркады. Сүрөт

Жол кырсык бүгүн, 25-январда, Жибек Жолу жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде болуп, Toyota жана BMW автоунаалары кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бүгүн Жибек Жолу жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде автокырсык болгонун "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына окуянын күбөсү билдирди.

Элчилик: Россияда жол кырсыгынан көз жумган беш кишинин үчөө кыргызстандык
Анын кабарына караганда, кырсык саат 11:15тер чамасында болгон. Toyota жөө кишини өткөрүү үчүн токтогондо BMW артынан келип сүзгөн.

Окуянын күбөсү ал жерге милиция жана Тез жардам келгендигин маалымдады.

Кайгуул милициясынын башкармалыгынан автоунаа кырсыгы тастыкталды. Батышты көздөй бара жаткан Toyota Mark II жана BMW сүзүшүп, биринчи автоунаада отурган аял жабыркаган. Тез жардам аны ооруканага алып кетти.