Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт

Ата-энеси ажырашып кеткен наристелер таенесинин үйүндө жашап келген. Милиция кызматкерлери ата-энесин балдарга болгон укугунан ажыратуу боюнча социалдык коргоо башкармалыгына сунуш беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ошто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы эки бөбөк балдар үйүнө өткөрүлдү. Бул тууралуу шаар милициясынын маалымат кызматы кабарлады. 

Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт

Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, балдарды кайыр суроого таенеси чыгарган. Наристелерди Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тилемчилик кылып отурган жеринен табышкан. 

Таенеси кайыр сураткан. Ошто тилемчилик кылган эки бөбөк табылды. Сүрөт
"Иликтөө балдардын ата-энеси ажырашып кеткенин көрсөттү. Балдар Ноокат шаарынан келип, Кара-Суудагы таенесинин үйүндө жүрүшкөн. Бөбөктөрдү тилемчилик кылууга таенеси чыгарган. Териштирүү маалында бүлөнүн жашоо шарты начар экени аныкталды. Балдар эч жерде билим алышпайт. Ушул тапта социалдык коргоо башкармалыгына ата-энесин балдарга болгон укугунан ажыратуу сунушу берилди", — деп айтылат маалыматта.

Эки бөбөк тең учурда Ош шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.