Кыргызстандын эң коррупциялашкан мамлекеттик органдары аталды

Бул ирет Ички иштер министрлигинде коррупциянын жоктугуна ишенгендер бир аз көбөйүп, орган жети сапка жогорулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата элдин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним индексин жарыялады.

Кыргызстандыктардын пикири боюнча, эң коррупциялашкан органдар төмөнкүлөр:

  • Мамлекеттик бажы кызматы;
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги;
  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары;
  • Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
  • Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы);
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду;
  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • Экономика министрлиги;
  • Финансы министрлиги.

Жарым жыл мурдагы рейтингде дагы Бажы кызматы жемкордукка белчесинен баткан деп табылган. Ошол эле учурда Ички иштер министрлигиндеги коррупциянын жоктугуна ишенгендер бир аз көбөйүп, орган 4-орундан 11-сапка жогорулаган.

Ал эми төмөнкү 10 органга коррупциялык иштерге барбайт деп көбүрөөк ишенишкен:

  • Жергиликтүү мамлекеттик администрация;
  • Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараты;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;
  • Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду;
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
  • Социалдык фонд.