БУУ Путиндин Коопсуздук кеңешинин саммитин өткөрүү демилгесин колдоду

Бейшемби күнү Израилде өткөн Холокостту эскерүү боюнча дүйнөлүк форум өттү. Ага 46 мамлекеттин президенттери катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. БУУ Коопсуздук кеңешине мүчө беш мамлекеттин талкуу өткөрүүгө жасалган бардык иш аракеттерин колдойт. Бул тууралуу уюмдун баш катчысынын расмий өкүлү Фархан Хак РФ президенти Владимир Путиндин демилгесине комментарий берип жатып айтты.

Израиль фашизмди ким жеңгенин билет. Холокостту эскерген форумдан видео
Белгилей кетсек, Путин бейшемби күнү Израилде өткөн Холокостту эскерүү боюнча дүйнөлүк форумда БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болгон Россия, Кытай, АКШ, Франция жана Улуу Британия башчыларынын жолугушуусун өткөрүүнү сунуштаган. Өлкө башчы Россия мамлекет жетекчилерине токтоосуз кайрылуу жолдоого даяр экенин да айткан.

Кийинчерээк Иерусалимде сүйлөп жатып Франция президенти Эммануэль Макрон Путин менен макул экенин, анткени БУУнун түптөөчүсү болгон бул беш мамлекет дүйнөдөгү кырдаалга жоопкер экенин моюндаган.

Хактын айтымында, өлкөлөр ортосундагы достук алакага БУУнун ою түз.

"Мындан улам беш мамлекеттин ортосунда талкуунун жүрүшүн шарттоочу бардык иш аракеттер колдоого алынат", — деди өкүл.

Бул боюнча Кытай да оюн билдирип, Путиндин демилгеси учур талабы экенин белгиледи.

"Биз Россия жана Коопсуздук кеңешинин башка мамлекеттери менен байланышып турууга даярбыз", — деди кытай ТИМинин расмий өкүлү Хуа Чуньин.

Ал быйыл Улуу Жеңиштин жана БУУнун түптөлүшүнүн 75 жылдыгы белгиленерин эскертип, беш өлкөнүн байланышта болуп турушу тынчтыкты сактоодо маанилүү роль ойной турганын кошумчалады.