БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери жөнөтүлдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Китептер бүгүн, 24-январда, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтерине тапшырылган.
"Этникалык кыргыздар үчүн 50 даана "Алиппе", 50 даана "Мекен таануу", 40 даана "Математика", кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 аталыштагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү мектепте 36 этникалык кыргыз билим алууда.