Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына таянсак, былтыркы жылдын январь-ноябрына карата Кыргызстандагы акча которуулардын көлөмү 2018-жылдын ушул айлар аралыгындагы мезгилге салыштырмалуу 287,4 миллион долларга кыскарган. Кеп жеке жактардын атайын системалар аркылуу которуулары туурасында болуп жатат. Январдан ноябрга чейинки которуулар 2 миллиард 192 миллион долларды түзгөн. Мурунку жылдын ушул маалында өлкөгө жалпы 2 миллиард 479,4 миллион акча, алардын басымдуу бөлүгү Россиядан которулган, жалпы суммасы — 2 миллиард 149 миллион доллар.
Мигранттар кандай ойдо?
Журналист Россияда иштеген мекендештерди сурамжылап, акча которууга коюлган чектин жогорулашы боюнча пикирлерин тыңдады.
Алардын көпчүлүгү жакындарына курулушка салууга же турак жай алууга, унаа, анын ичинде коммерциялык максатта пайдалануу үчүн да унаа сатып алууга каражат которушарын айтышат. Үй-бүлөсү насыясынан кутулуп же той өткөрүп алышы үчүн да акча жөнөткөндөрү арбын. Айрым мигранттар Кыргызстанда бизнеске жумшоого да акча жиберишет. Ишкерлердин айтымында, которулган каражаттын басымдуу көлөмү алардын ишмердигине байланыштуу, ошону менен бирге эле алар белгилүү бир үлүшүн мекенде түптөгөн жеке ишин өнүктүрүүгө сарптай турганын белгилешет.
Пайыздар көңүлгө төп эмес
Москвада логист болуп иштеген Майрамбек Сыдыковдун пикиринде, чектин жогорулашы өз алдынча иш алпарган мигранттар үчүн маанилүү.
"Чекти жогорулатуу боюнча келишимдин катардагы мигранттарга тиешеси азыраак. Бул жакта кыргызстандыктардын көпчүлүгү андай акча табышпайт. Адатта ири сумманы ишкердик менен алектенген мекендештер гана которушат. Бирок мындай келишимдин түзүлүшү ЕАЭБге мүчө мамлекет катары Кыргызстанды сыйлап, биздин кызыкчылыктар менен эсептешерин айгинелейт", — дейт Сыдыков.
Каражат которууда алынчу пайыздар карапайым мигранттардын көңүлүнө төп келе бербейт.
"Маселен, мен жайында үнөмдөө үчүн тобокелдик кылып акчамды чемоданга салып эле алпардым", — деп моюнга алат мигрант.
Бизнеске өтүүгө жакшы өбөлгө
Коомдук ишмер жана кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөсү, риэлтор Нургүл Каимова кыргызстандыктар үчүн которуу чеги ЕАЭБдин катарындагы бөлөк өлкөлөрдүн жарандарына коюлган чектөөлөрдөн айырмаланарын белгиледи.
Кыргызстандыктар квалификацияланган эмгекке өтүшөт
Тырмакка кам көрүү чөйрөсүндө мектеп ачкан Элнура Ахмедованын баамында, квалификацияланган эмгек тармагында иштеген кыргызстандык мигранттар 50-60 миң рубль табат.
"Негизинен таксист, ашпозчу же медперсонал ай сайын мекенге 30-40 миң рубль жөнөтө алышат. Тилекке каршы, тазалык тармагында мээнеттенгендер боюнча муну айтыш кыйын, алардын айлыгы 20 миңден 35 миң рублге чейин. Азыр алардын бир тобу квалификацияланган тармактардагы иштерге өтүп, маянасы көбүрөөк ишке орношуу үчүн жумуштан тышкары курстарда окуп жатышат", — деди ишкер айым.
Анын айтымында, бүгүн кыргызстандык жаш кыздардын көбү сулуулук салондорунда иштөөдө.
"Ишти жакшы өздөштүргөндөр айына 100 миң рублге дейре таба алышат. Ошондуктан биздин жердештер сулуулук индустриясынан орун табууга ашыгат. Интернеттеги жарнамалардан улам мекендеш кыздардын 30 пайызы эбак ушул багытта иштеп жатышканын айтсак болот", — деп түшүндүрдү Ахмедова.
Эң зарыл келишим
Ишкерлердин эл аралык биримдигинин (ИЭА) төрагасы Надыр Сооронбаев бул уюм акча которууга чектин көбөйтүлүшүнө кызыкдар болуп келгенин айтат.
"Биздин биримдикти беш жыл мурун Москвадагы кыргыз ишкерлери түптөгөн. Былтыр апрелден бери ар бир жыйында биз каражат которууга коюлган чектөөлөр ишкерликке терс таасир этип жатканын айтып келгенбиз. Мына, жыйынтык биз күткөндөн да дурус. Албетте, бул келишим бизге өтө зарыл. Базардагы соодагерлер сатып жаткан товарынын акчасын төлөө үчүн ар аптада Кыргызстанга акча жиберет", — деди ишкер.
Тегиз теңчилик
Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин окутуучусу Жеңишкүл Хулхачиева-Байтерекова ЕАЭБге мүчө болгон бардык өлкөлөр үчүн акча которуу жаатында бирдей стандарт болушу шарт деп санайт.
Ал чектин коюлушу акча которуунун ачыктыгын камсыз кылып, бул коопсуздукка таасир этери айкын экенин белгиледи. Окутуучунун айтымында, бирок келечекте чектөөлөрдүн баары жоюлса, дурус болмок.