Тил комиссиясы калемгерлер арасында сынак жарыялады

"Азыркы адабият", "Дүбүрт", "Дүйнөлүк адабият" жана "Дүйнө" серияларынын алкагында көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөт берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн сынак жарыялаганын билдирди.

Ага ылайык, конкурс "Кыргызстанда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын" аткарылышын камсыздоо максатында өткөрүлөт.

Президент Алмазбек Атамбаев почтил память погибших во время Аксыйских событий 2002 года
Апрель революциясы тууралуу ролик тартууга сынак жарыяланды. Шарт-талабы
Анда "Азыркы адабият", "Дүбүрт", "Дүйнөлүк адабият" жана "Дүйнө" серияларынын алкагында жарык көрө турган көркөм адабий чыгармаларды жана котормолорду басып чыгаруу үчүн үч айлык мөөнөт берилет.

Эмгектер электрондук түрдө (mamtil-synak@mail.ru дарегине) үстүбүздөгү жылдын 23-мартына чейин кабыл алынат. Сунушталган эмгектер сынактын талаптарына жооп берип, Улуттук комиссиянын алдындагы Эксперттик-редакциялык кеӊештин сынынан өткөн соң, мыкты деп табылгандары өзүнчө китеп болуп басууга даярдалат.

Жыл сайын өтө турчу сынактын негизинде бир катар белгилүү акын-жазуучулардын эмгектери жана котормолору басылып чыгып, окурмандарга тартууланганы айтылат.