Пресс-борбор

Ооздон жаңылуунун кесепети оор болот. Маалымат катчылар үчүн SputnikPro

Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат катчысы ЖМК өкүлдөрү менен иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жана өз ара мамиле түзүүнүн көйгөйлөрү туурасында маалымат катчыларга айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын жана коммерциялык уюмдардын маалымат катчылары үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат катчысы Нуржан Найзабекова ЖМК менен иштешүү туурасында мастер-класс өттү.

Иш-чара SputnikPro окутуу долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Найзабекова маалымат берүүдө, өзгөчө кырдаалда, түз эфирде же телефондон маек берүүдөгү катачылыктар жана кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, маалымат катчынын журналисттер менен туура баарлаша алуусу компаниянын жана анын өкүлдөрүнүн имиджин көтөрүүгө жардам берет.

Мастер–класстын катышуучулары практикалык сабак учурунда жөнөкөй жана эффективдүү көнүгүүлөр аркылуу өздөрүнүн сүйлөө кемчиликтерин оңдоо багытында иштешти.

"Жогорку кызматтагы адамдардын эл алдында сүйлөп жатып кетирген кемчиликтери, маалыматты жеткирүү ыкмасы жеке адамдын керт башына же бүтүндөй мамлекеттин аброюна залакасы тийип каларына мисал болду. Майда нерсе болбошу керек. Аң-сезимибизге сиңип калгандай журналисттер душман эмес. Алар калкка мамлекеттик органдардын жасаган иши тууралуу кабарлап турат. Башкысы кетирилген кемчиликтердин үстүнөн иштөө керек", — деди маалымат катчы.

Ал белгилегендей, маалымат катчылар түз эфирдеби, телефондонбу же окуя болгон жерденби, журналисттерге так, сапаттуу маалымат берүүгө даяр болушу керек.

Адис: бүгүнкү күндө жаңы ири соцтармак ачуу мүмкүн эмес
"Электр станциялары" ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева мастер-класс жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдирди.

"Биз үндү кантип тууралоо керектигин, туура дем алууну, кепти ыраатка келтирүүнү үйрөндүк. Нуржан Найзабекова сүйлөө техникасынын сырлары менен бөлүштү. Бул жолугушуу ишибизди жакшыртууга жардам берет, Sputnik агенттигине ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазыбыз", — деди Айдаралиева.

Мастер-класстын катышуучулары мындай иш-чаранын мындан ары да улантылышына кызыкдар экенин белгилешти.