Россияда жол кырсыгынан көз жумган беш киши кыргызстандыктар болушу мүмкүн

Окуя кечээ, 22-январь күнү, Бишкек убактысы менен саат 20.50дө Челябинск — Троицк жолунун 107-чакырымында болгон. Анда Honda үлгүсүндөгү жеңил унаа КамАЗ менен кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын Челябинск облусунда КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, беш киши көз жумганын жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Басылманын маалыматына караганда, жеңил унаадагы беш киши кыргызстандыктар болушу ыктымал. Анткени автоунаа KG номерлүү экени айтылат.

Окуя кечээ, 22-январь күнү, Бишкек убактысы менен саат 20.50дө Челябинск — Троицк жолунун 107-чакырымында болгон.

Бишкектен Кара-Балтага кеткен жолдо эки автоунаа кагышып, үч киши каза тапты
Анда Троицкти көздөй бара жаткан Honda үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу бурганактын айынан каршы тилкеге чыгып кетип, КамАЗ менен кагышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, Honda алдыда бара жаткан жүк ташуучу унааны озуп өтүүнү көздөп, каршы тилкеде келе жаткан КамАЗды байкабай калган.

Жыйынтыгында жеңил унаадагы беш эркек каза тапкан. Ал эми КамАЗдын 33 жаштагы айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен алдын ала маалыматтарга таянып билдиришкенине караганда, каза болгондордун бардыгы Кыргызстандын жарандары. Учурда маселе элчиликтин көзөмөлүндө.