Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж

Sputnik Кыргызстандын чыгармачыл тобу протездик-ортопедиялык буюмдар борборунда болуп, көргөндөрүн төкпөй-чачпай баяндап турат.
Sputnik

…Аргасы түгөнгөн кош бойлуу аял уулун жаакка чапкылап жатты.

— Айбек, көзүңдү аччы!.. — деп уулуна жалбарып турду ал.

Уулу менен тоого сейилге чыккан маалда Биназир өйдөтөн өзүнө карай чоң таштын кулап келе жатканын байкабайт. Кулакчын тагынып ыр тыңдап турган эле. "Апа, ары качыңыз" деп өспүрүм болгон күчү менен кыйкырат. Акыры айласы куруган уулу чуркап барып апасын ары түртүп, энесин жана али төрөлө элек карындашын куткарып калат. Көз ирмемден соң өспүрүм онтоткон оорудан эс-учун жоготот.

Мастардын арасында жаткан сулуу кыз... Бишкектеги ооруканадан репортаж
Айбек жаны ачый кыйкыра көздөрүн ачат... Ошол каргашалуу окуядан бери жарым жылдан ашуун убакыт өттү. Палата бош, терезеде гана кош балдак жана бут протези турат. Жарым жыл мурун врачтар анын бутун сактап калууга болгон аракетин жумшашкан, бирок майнап чыккан жок. Кулаган таш бутун жамбаш сөөгүнө чейин талкалап кеткен. Эсине келгени бир жумача бала эч үн катпай, даам да сызган эмес. Биназир уулунан кечирим сурай жалбарып, каргашага өзүн күнөөлөй берген.

Протездик-ортопедиялык буюмдар борборунун алдындагы реабилитациялык оорукананын жетекчиси Чынара Турганбаева сөөк жаракаты менен кайрылгандардын саны күн санап өсүп жатканын айтып кейийт. 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж
"Мурда бизге түшкөн бейтаптар негизинен жүрөк кемтигинен жапа чеккен адамдар эле. Эми жол кырсыгына кабылгандар көбөйүп баратат. Жалпы жонунан майыптыгы бар 12 миң киши каттоодо турат", — деп түшүндүрдү врач.

Протездик-ортопедиялык буюмдар борбору — эби-сыны жок советтик имарат. Кире беришинде эки чоң пандус бар. Комплекстин бир бөлүгүндө бейтаптар реабилитациядан өтөт, экинчисинде усталар ден соолугунан жабыркаган адамдар үчүн протез жасап, бут кийим тигишет.

Балдакчан жигит лифтке кирди. "Тепкич менен деле чыга алчу элем, бүгүн чарчап турам. Экинчи кабатка чыгам мен", — деди бир аз тартынгандай.

Чакан залда мында дарылангандар үчүн телевизор, бирин-эки жумшак отургучтар бар. Жанындагы бөлмө машыгуучу зал экен.

— Бизди сүрөткө тартпаңыздар, сураныч! Же дегеле жолтоо болбоңуздар. Биз машыгып жатабыз, — деди машыктыруучу айым. 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж

Борбордун жетекчиси машыгуу ден соолукту калыптандыруунун ажырагыс бөлүгү экенин түшүндүрдү. Организм өз калыбына келиши үчүн орточо кыймыл керек.

"Бейтаптар бизге ампутациядан жарым жылдан кийин келишет. Ошол маалга протези даяр болуп калат. Биздин адистер бир нече багытта иш алып барышат: психологиялык, ошондой эле протез менен турмушка көнүүгө көмөктөшүшөт. Бизде чоңдор жана ДЦП менен балдар дарыланышат", — деди Турганбаева.

Чакан бөлмөдөн шыңга бойлуу жигит чыкты. Кырсыктан улам Виктор Гончаров эки бутунан тең ажыраган. Протез киет, балдакчан жүрөт. Виктор атайын тепкичте бир саат бою тынбай машыккан. 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж
"Кыймылдаткыч кулап түшүп, бир бутумдан айрылгам. Сантехник болуп иштечүмүн, лебедка (оор нерсени көтөргүч) үзүлүп кетип, механизм дал бутума кулаган. Врачтар кеспесе болбой турганын айтышкан", — дейт ал киши.

Көп өтпөй Виктор айыгып, өзү жактырган машыгуу залына бара баштаган. Ал жакта экинчи кырсыкка кабылган. Машыгуу маалында соо бутуна оор снаряд кулаган. Сөөгүн, тканын калыптандырууга мүмкүн болбой калган экен.

"Башта тизеге чейин кесишерин айтышкан, бирок бутту толугу менен кесип салууга туура келиптир. Коляскам бар, бирок басып жүргөнүмдө өзүмдү жакшы сезем. Ачыгын айтсам, көп күч келет, протез оор, бирок наалыгым келбейт, басып жүргөн мага ыңгайлуу. Көпчүлүгү менин көйгөйүмдү байкай беришпейт. Жалгыз турам, өзүмдү өзүм багам, басканда жеңилирээк болсун деп балдакка таянам", — дейт ал. 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж

Чолпон-Атадагы спорт залда машыгууну Виктор эч калтырбайт. Өзү жашаган шаарда ары-бери жүрүү эч мүмкүн эместигине кейийт.

"Бишкекте майыптыгы бар адамдар үчүн аздыр-көптүр шарттар түзүлгөн, ал эми бизде машинасыз төрт дубалдан чыга албай каласың. Буту-колунан ажыраган бир топ адамдарды тааныйм, кай бири андан ары жашоо керектигин аңдаган, тилекке каршы, көпчүлүгү терең кайгыга чөгөт. Кол куушуруп отуруп калууга акысы жоктугун, андан ары жашоого умтулууга тийиш экендигин айткандан чарчабайм", — деп белгиледи ал.

Кыргызстанда бул багытта жападан жалгыз адис бар

Имараттын башка бир бөлүгүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протез жасалып, бут кийим тигилет. Ольга Николаеванын иш бөлмөсүндө кол-бут протездеринен бир нечеси турат. Протездик тилкенин жетекчиси аларды ремонтко калтырып кетишкенин айтат. 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж
"Мезгил өткөн сайын протездер эскирип, сынып да калат. Биздин чеберлер аларды оңдоп же жаңысына алмаштырышат. Мисалы, оң жана сол колдун протездери Камаловго таандык. Так эсимде жок, бирок бир кырсыкта ал эки колунан тең ажыраган. Миңдеген адамдар кайрылат бизге. Протездердин жардамы менен Камалов тамак жеп, дааратканага бара алат, алар, албетте, бионикалык эмес, бирок иштейт. Биздин борбордо "акылдуу" протездер жасалбайт, алар өтө кымбат. Бирөө эле 50 миң доллардан жогору турат, ал эми аларды даярдоочу жабдыктар андан да кымбат. Мамлекеттин андай акчасы жок", — деп түшүндүрдү адис.

Жетекчи белгилегендей, 2015-жылдан тарта каржылоо өзгөрө элек, ал эми майыптыкка кабылган адамдар көбөйдү. Көрсөткүч ушунчалык жогору экенин мындан билиңиз, төрт жыл аралыгында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 40 пайызга өскөн. 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж

"13 миң бейтапты тейлейбиз. Жыл сайын биздин борбордо дарылангандардын саны жогорулоодо, ал эми бизге төрт жыл мурун канча каражат бөлүнсө, азыр да ошондой эле көлөмдө бөлүнүп келет. Кеп кызматкерлердин арзыбаган маянасы да эмес, көйгөй алда канча терең, карапайым адамдар жапа чегүүдө", — деп белгиледи ал.

Бизге немец технологиясы менен протездер даярдалган чоң залды көрсөтүштү. "Бул биздин кичинекей сыймыгыбыз, мындай протездер эң кымбат, алар кесилгенден кийинки калган бөлүккө вакуумдук соргуч менен бекитилет да адам басып жүрө алат. Бирөөсүнүн эле баасы 150 миң сомду чапчыйт. Жыл сайын төрт жарым миңдей даана даярдалат", — деди адис.

Өлкө боюнча жападан жалгыз врач — кол жана бут боюнча протезист Олег Гущин алектенет. 40 жылдан ашуун убакыт мурун заводго ишке кирген. 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж
"Мурда адистер көп болчу, азыр мени менен дагы бир уста иштейт, бирок азырынча кол протездерин гана жасайт. Бизге ишке келишпейт, себеби айлыгы арзыбаган тыйын. Менин маянам 7200 сом, ушу да айлыкпы? Жакын арада пенсияга чыгам, андан кийин борбор эмне болот билбейм", — дейт ал.

Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж
Ар бир протезде бейтаптын мүнөздөмөсү бар: курагы, фамилиясы жана диагнозу жазылган. Аларды жеке өлчөм менен жасашат. Ушундай эле ыкма менен атайын ортопедиялык бут кийим тигишет. Жыл сайын аталган ишкана ден соолугунан жапа чеккен адамдар үчүн 7 миңден ашуун ботинка даярдалат.

Соңку убакта борбордун кызматкерлери церебралдык шал диагнозу коюлган балдарга атайын бут кийим көп тигүүдө. Ар түгөй бут кийим бул жакта дарылангандардын жеке өлчөмү менен тигилет. Баары кол менен нукура териден даярдалат. Бут кийимдер толук даяр болгондо аймактарга почта аркылуу жөнөтүшөт.

— Кечирип коюңуздар, мен протезди ремонтко таштадым эле. Даяр деп айтышты. Алып кетсем болобу? 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж

Босогого балдакка таянган Айбек келди. Тоодогу кырсыктан бери жети жылдын жүзү болду. Боз улан университетке өткөн, спорт менен машыгат, англис тилин үйрөнүп жүрөт. Жигит шамдагайлык менен протезди такты.

— Чоң рахмат! Жапжаңы болуп калыптыр, жакшы туруңуздар. Кечирим сурайм, сиздер менен дагы кенен баарлашмакмын, бирок сабакка шашып баратам.

Айбек бизден аны сүрөткө тартпоону өтүндү. "Капа болбоңуздар, көпчүлүк протез менен жүргөнүмдөн кабары жок. Жеңил болсун деп балдакка таянам, бирок сырымды эч ким билбейт. Андан жаңылык кылгым жок. Анан да Германияга реабилитацияга акча топтоп жүрөм, дурус бионикалык протез орточо 80 миң евро турат. Азырынча менде 800 гана евро бар. Жакында иштей баштайм. Жаңы протез менен марафондорго да катыша алам", — дейт улан таксиге отуруп жатып. 

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж

Биздин чыгармачыл топ протездөө борборунда бир нече саат жүрдү. Тагдырдын оор сыноосунан кийин да жашоону үйрөнүп, ишенимин жоготпогон адамдарга суктанып бүтө албадык. Анан да карапайым үй-бүлөдөн чыккан 17 жаштагы жигит жарым өмүрүн, балким, андан да көбүн балдаксыз жүрүүгө мүмкүндүк бере турган протезди сатып алууга жумшарын ойлоп алып жүрөк тилинди...