Өзгөчө кырдаалдар министри Мирзахмедов кызматынан бошотулду

Мирзахмедов иштен кетүү боюнча өзү арыз жазган. Ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мирзахмедов иштен кетүү боюнча арыз жазган. Ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эскерте кетсек, аталган кызматка Мирзахмедов 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.