Дүйнөнү сестенткен коронавирус. Оорунун келип чыгышы жана сактануу жолдору

Кытайда тараган кооптуу вирус бир нече айдан бери адам өмүрүн алууда. Дарт өлкө провинцияларынан тышкары дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып, миңдеген кишинин өмүрүн алууда.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жаңы типтеги коронавирус жана анын себеби, белгилери жана алдын алуу жолдору тууралуу маалымат топтоду.

13-марттагы маалымат боюнча, коронавирус менен ооругандардын саны 134 700гө жетип, 4 973 адам көз жумду. Ал эми сакайгандардын саны 69 642.

"Таажы" атка конушу

Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат. Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Таржымалы

Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.

Оорунун очогу Кытай

Коронавирус узаган жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тарады. Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. 5-январдан тарта ооругандардын саны өсө баштаган. Ал эми 9-январь күнү гана кытайлык адистер илдетти лабораториядан аныктап, ал коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныкташты.

Расмий аталышы — COVID-2019

Коронавируска февралдын башында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-2019 деген аталыш берген. CO – бул коронавирус, VI – бул вирус, ал эми D илдет дегенди түшүндүрөт.

Илдеттин белгиси

Коронавирус бейтап менен байланыш болгондо гана жугат деген божомол бар. Бул илдет белгилери жок өтүшү мүмкүн эмес. Киши ооруну жуктуруп алгандан кийин бир нече күндөн соң байкала баштайт. Башкы белгилери — кургак жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, энтигүү. Мындан сырткары, бейтап чыйрыгып, башы, тамагы ооруйт. Жүрөгү айланып, мурду бүтүп, ичи өтөт. Оору эки жумага созулуп, өтүшүп кетсе, үч аптадан алты жумага чейин уланат.

Адам канчалык жаш болсо, ооруну жуктуруп алуу жана өтүштүрүп жиберүү коркунучу азыраак болот. Азыркы тапта ооруну жуктуруп алгандардын 72,8 пайызы 40 жаштан жогору курактагылар. 19 жашка чейинкилердин ичинен 2,1 пайызы гана бул илдетке кабылган.

Аялдар менен эркектер дартка бирдей эле кабылат. Эгер бул ооруну алты айлык боюнда бар кыз-келиндер жуктуруп алса, ымыркай дени сак эле төрөлөт. Жаңы бойго бүткөндө түйүлдүккө бул вирус кандай таасир этерин айтуу азырынча эрте.

COVID-19 вирусу адамдарга жаныбардан жуккан деген божомол бар.

Дарттын дабасы табыла элек

Учурда коронавирус менен жабыркагандарды сакайтуу жолу так аныктала элек. Дарыгерлер бейтаптарды вируска каршы препараттар менен дарылап жатышат. Окумуштуулар вакцинаны даярдоо кеминде бир жыл убакытты алышы мүмкүндүгүн айтып чыгышкан

Пандемия жарыяланды

11-март күнү кечке маал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады. Адистердин айтымында, пандемия сөзү жугуштуу ооруларга гана колдонулат жана кеселдин жайылышынын масштабын көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Тагыраагы, бул оорудан өлгөндөрдүн санынын эмес, жайылыш масштабынын көрсөткүчү.

Ооруну алдын алуу

Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) ооруну жуктуруп албоо үчүн бир катар алдын алуу чараларын маалымдады.

  • Чет мамлекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу;
  • Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо;
  • Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак-аштарды колдонуп, бөтөлкөдөгү суулардан ичүү керек;
  • Зоопаркка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо;
  • Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы, медициналык бет кап);
  • Эл көп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жууп туруу;
  • Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.

Кыргызстан көргөн чаралар

  1. Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Мамлекеттик чек арадагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.
  2. Кыргызстан коронавирус катталган өлкөлөрдү үч категорияга бөлдү. I категорияга Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испания кирет. II категорияда АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия, Нидерланддар бар. III категорияга Сингапур, Австрия, Дания, Кытайга караган Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Аравиясы кирди.
  3. Өкмөттүн алдында эки штаб түзүлгөн. Биринчиси — коронавирусту алдын алуу боюнча штаб болсо, экинчиси — коронавирустун жайылышына байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча штаб болуп саналат.
  4. Өлкө боюнча массалык иш-чаралар токтотулду. Мартта Бишкекте өтчү хоккей боюнча дүйнө чемпионаты, күрөш боюнча Олимпиаданын лицензиялык турнири жана Нооруз майрамы өтпөй калды.
  5. Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган менчик жана жеке автоунаалар, республикалык маанидеги автобекеттер, базарлар, ашкана, мечиттер жана башка жайлар дезинфекцияланып жатат.

Коронавирус Кыргызстанда кантип аныкталарын Sputnik тарткан видеодон көрүңүздөр.