Чын эле Кыргызстанбы? Тоңгон көлдүн ажайып сулуулугунун асмандан көрүнүшү

Бишкектик фотограф жана аэросъемка оператору Михаил Дудин Орто-Токой суу сактагычын дрондун жардамы менен тарткан.
Sputnik

Жаратылыштын эң мыкты сүрөттөрү. Nature Photographer сынагынын жыйынтыгы
Кышында суунун үстүндө укмуштуудай кооз муз тоңот. Калыңдыгы 25-30 сантиметрге жеткендиктен, тоңгон суу сактагычтын үстүнөн муз тебүү кооптуу.

Орто-Токой суу сактагычы деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте Нарын жана Ысык-Көл облусунун чектеш аймагында жайгашкан. Аны Кочкорго кеткен жолдон көрүүгө болот. Суу сактагычтын узундугу 18, туурасы 5 чакырымды түзөт. Тереңдиги 47 метр.