Жээнбеков Россияга барууну пландап жатат

Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россияга барууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.

Жээнбеков учурдагы артыкчылыктуу багыттарды санап өттү
22-январь күнү Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолуккан. Алар Жээнбековдун Россияга боло турчу сапары жана Чоң театрдагы кайчылаш жылдын ачылыш аземи тууралуу баарлашкан.

Жекшенкулов Руденкодон Россиядагы кыргызстандыктарга "миграциялык амнистия" киргизүүнү суранган.

Алар ошондой эле кезектеги кыргыз-орус өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу, Екатеринбургдагы аймактар аралык конференция, Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын каскад ГЭСтери боюнча долбоорлорду жандантуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.