Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү кызматтан алынды

Эске салсак, Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусун 2016-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кызматтан кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, ал өкмөт башчынын атына арыз жазып, ага Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Сатыбалдиевдин иштен кетишинин себеби айтылган жок.

Эске салсак, Кыянбек Сатыбалдиев аталган кызматты 2016-жылдын октябрь айынан бери аркалап келген.