Нарында жер титиреди

Нарын облусунун бир катар аймактарында силкинүү 21-январь күнү саат 19:10до сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок экендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институту билдирди.

Алдастап, ары-бери чуркап... Кытайда жер титиреп жаткан учурдун видеосу
Силкинүү кечээ, 21-январь күнү, саат 19:10до сезилген. Нарын районунун Тегерек, Ылайлы-Суу, Ак-Кудук айылдарында — 4 балл, Ак-Талаа районунун Кадыралы, Шоро айылдарында жана Нарын районунун Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, 8-Март, Сары-Иймек, Лесхоз айылдарында 3,5 баллга жеткен. Ал эми Ак-Талаа районунун Ак-Булак айылында жана Нарын районунун Кара-Ой, Учкун, Достук, Миң-Булак айылдарында — 3 балл жана Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.