Атаандашын 18 секундда көтөрүп чаап нокаутка кетирген мушкер. Видео

Таң калган интернет колдонуучулары бул нокаутту "ММА тарыхындагы эң коркунучтуу беттеш" деп аташууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Интернет колдонуучуларынын арасында эң коркунучтуу ММА беттеши катары бааланган нокаут талкууга алынууда. ММА боюнча америкалык мушкер Эмон Бейкер каршылашы Ричард Трейди 18 секундда жерге сулата чапты.

​MMA Fighting порталы билдиргендей, аталган беттеш Калифорнияда өткөн SSP Fight NIght 46 турниринде болгон.

Бири-биринен калышпаган эки чапчаң мушкердин кармашы башталбай жатып аяктады. Бейкер атаандашын көтөрүп чаап, мындай соккудан улам Трей эс-учун жоготуп койгон.

Маалыматка ылайык, Трейдин мойнуна доо кетип ооруканага жаткырылган. Андан кийин анын машыктыруучусу мушкердин абалы канааттандырарлык экенин кабарлады. Азырынча бул беттеш ММАнын тарыхындагы эң ырайымсыз, коркунучтуу беттеш катары айтылууда.