ИИМ: Ошто бут кийимине жасалма 500 доллар катып кирген чет элдик кармалды

Чет элдик жаран камакка алынып, кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ошто чет элдик жаран 500 доллар суммасындагы жасалма акча менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМ: Ошто бут кийимине жасалма 500 доллар катып кирген чет элдик кармалды

Билдирүүдө январь айынын башында ири өлчөмдөгү жасалма акчаны таратууга белсенип жаткан кылмыштуу топтун аракети тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Ал Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

"Январь айынын орто ченинде Ошто коңшу өлкөнүн 30 жаштагы Б.З. аттуу жараны жасалма акчаны сатып жаткан жеринен кармалды. Аны тинтүү учурунда 100 доллар номиналындагы беш купюра табылды. Банкноталарды бут кийимине катып койгон. Экспертизанын натыйжасында купюралар жасалма болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Соттун чечими менен чет элдик жаран камакка алынды. Кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат.

Ал арада Бишкекте дагы жасалмаланган 30 миң еврону Түркиядан алып келген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.