БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдин алкагында тышкы экономикалык ишкерлик менен алектенгендер үчүн бирдиктүү каттоо системасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу ведомствонун расмий сайтында жарыяланды.
Бирдиктүү каттоо системасына бардык каалоочу тараптар каттала алат. Бирок бул нерсе ар бир юридикалык жана жеке тарапты өз өлкөсүнөн каттоодон өтүү милдетинен бошотпойт.
Бирдиктүү системага катталгандарга уникалдык идентификациялык номер (УИН) берилет. Система негизинен бажы жана салыкка байланыштуу маселелер чыкканда колдонулат. УИНи бар тараптардын документтери электрондук базага киргизилип, кийин аны ЕАЭБдин кайсы өлкөсүнөн болбосун эч тоскоолдуксуз пайдаланса болот.
Учурда келишим долбоору ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө ички талкуулоо үчүн жөнөтүлдү.
Эске салсак, ушул тапта ЕАЭБдин курамында Армения, Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан жана Россия мамлекеттери бар.