Бишкек: аэропортто Кытайдан келгендер коронавируска текшерилип жатат

Кооптуу вирус Кытайдын Хубэй провинциясынан аныкталган. Акыркы маалымат боюнча, бул илдеттен тогуз адам каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда Үрүмчүдөн (Кытай) келген жүргүнчүлөр коронавируска текшерилип жатат. Бул тууралуу аба майдандан кабарлашты.

Санитардык-карантиндик пункттун адистери тепловизордун жардамы менен дене табы көтөрүлгөн адамдарды аралыктан аныктоо боюнча күн сайын иш алып барып жатышат.

Аэропорттон белгилешкендей, 2020-жылдын 23-январынан 1-февралына чейин Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү каттамы токтотулат. Себеби Кытайда бул күндөрү жаңы жыл майрамы белгиленет.

РФ окумуштуулары 7 күндө коронавирусту аныктоочу каражатты иштеп чыкты
Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Учурда Чжэцзян жана Гуандун провинцияларында ондон ашык адам карантинге жаткырылган. Акыркы маалымат боюнча, аталган вирустан Кытайда тогуз кишинин көз жумганы айтылды.

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгондугу байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Кооптуу бул вирустун Кытайдан сырткары Түштүк Корея, Япония жана Таиландга жайылганы айтылууда.