Ошто Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү үчүн 70 объект түрттүрүлөт

Калаадагы Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймактын узундугу 5400 метрди түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү үчүн 70 объект түрттүрүлөт. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 21-январдан тарта курулуш иштери жүрө турган жерде бастырма, курчалган тосмо, гараж сыяктуу курулуштар алына баштады. План боюнча мыйзамсыз салынган объектилер түрттүрүлмөкчү.

Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймактын узундугу 5400 метрди түзөт. Биринчи этабында 1300 метр, экинчи этабында 1600, үчүнчү этабында 2500 метри оңдолот. Дарыянын жээгин көрктөндүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоордо тротуарлар, веложол, түнкү жарыктандыруу, көпүрө жана эс алуучу жайлар каралган.