БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көл менен Соң-Көлдө беш жылга балык уулоого тыюу салган мораторийдин кесепети оор болду. Бул тууралуу көз карандысыз эксперт, аналитик Арстан Кадыров билдирди.
Адис Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Жоголуп кетүү коркунучунда: атууга тыюу салуу жөнүндөгү мораторий жаныбарларды коргой алабы?" аттуу тегерек столго катышты.
"Кырдаал парадоксалдуу, Ысык-Көл менен Соң-Көлдө так ушул беш жылдык мораторий учурунда балыктар кырылган. Сөз чабак, сига, пелядь, лудог балыктары жөнүндө болуп жатат", — деди ал.
Адис тыюу салынганга чейин балык уулоо коомчулугунун өкүлдөрү көлдү браконьерлерден коргоп, өздөрү эрежеге ылайык кармап келгенин белгиледи.
"Жергиликтүү эл коргоо процессине катышпаса, Экотехинспекциянын кызматкерлери чоң аймакты көзөмөлгө алууга жетишпей калат экен. Алар бир айда бир нече ирет рейд жүргүзүшөт, бирок ал эч кандай натыйжа бербейт экен. Көйгөйдү жоюуга жергиликтүүлөрдүн кызыкчылыгы жардам бере алат", — деди адис.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакбаев Кадыров менен макул болгон жок. Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү чабактын жоголушуна башка себеп бар.
"Коомчулукту адаштырбайлы. Ысык-Көлгө совет мезгилинде ойлонулбастан жырткыч балык коё берилгендиктен чабактар жок болуп кетти", — деди эл өкүлү.
Кадыров болсо сейрек кездешкен жаныбарларды атууга тыюу салуу ар тараптан изилдениши керектигин белгиледи.