Өзбекстандын парламенти өлкөнүн премьер-министрин бекитти

Буга чейин Өзбекстандын министрлер кабинети жаңы парламентке өз отставкасы боюнча кайрылуу жөнөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Өзбекстандын жаңы шайланган Олий Мажилис палаталары Абдулла Ариповду кайрадан премьер-министр кылып бекитүү боюнча токтомду кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Миллиондогон кирешеси бар. Россиянын жаңы премьеринин декларациясы
Маалыматка караганда, парламент дээрлик бир добуштан Ариповдун талапкерлигин колдогон. Болгону үч сенат добуш берген эмес. Буга мамлекет башчысынын сенаттардын бардыгын дайындай электиги себеп болгон. Белгилей кетсек, жогорку палатанын 30 мүчөсүн Шавкат Мирзиёев бекиткен. Дагы үч орун ваканттык бойдон калууда.

Эске салсак, Өзбекстанда парламенттик шайлоо эки тур менен — 2019-жылдын 22-декабрында жана 2020-жылдын 5-январында өткөн. Буга байланыштуу Өзбекстандын министрлер кабинети жаңы парламентке өз отставкасы боюнча кайрылуу жолдогон. Ага премьер-министр Абдулла Арипов кол койгон. Документ парламент алдында окулуп, эки палата тең колдоп берген.