Өзбекстандын өкмөтү отставкага кетти

Өзбекстандын Баш мыйзамына ылайык, жаңы шайланган парламенттин биринчи отурумунда өкмөт отставкага кетүү боюнча арызын берет. Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги бүгүн, 21-январда, депутаттардын жыйынында каралат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өзбекстандын министрлер кабинети парламентке өз отставкасы боюнча кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Кайрылууга премьер-министр Абдулла Арипов кол коюп, документ дүйшөмбү күнү жаңы шайланган парламент алдында окулган.

Путин Мамдумага РФтин Баш мыйзамына толуктоо киргизчү мыйзам долбоорун жөнөттү
Өкмөттүн отставкасын парламенттин эки палатасы тең кабыл алды.

Жаңы премьер-министрдин талапкерлиги бүгүн, 21-январда, депутаттардын жыйынында каралат.

Өзбекстандын Баш мыйзамына ылайык, жаңы шайланган парламенттин биринчи отурумунда өкмөт отставка боюнча арызын берет. Эми экс-министрлер жаңы өкмөт куралгыча мурдагы милдеттерин аткара берет.

Эске салсак, коңшу өлкөдө 22-декабрь күнү парламенттин төмөнкү палатасына, 16-17-январь күндөрү жогорку палатасына шайлоо болгон.