Кыргыз-казак чегинде турган фуралар: айдоочулар үчүн чатыр тигилип, чай берилүүдө

Чек ара бекети казак тараптын бир тараптуу чечими менен жабылган. Тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунан өтүү татаалдашып, жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, ысык чай уюштурулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Бүгүн вице-премьерлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаал менен таанышып, жүк ташуучулар менен жолугушкан.

Эскерте кетсек, аталган бекетте жана ага жакын жерде 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолуп турат деген маалымат 14-январь күнү тараган. Мамлекеттик чек ара кызматынын берген түшүндүрмөсүнө ылайык, Казакстан кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Разаковдун айтымында, тармактык мамлекеттик органдар кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда.

"Ушул жылдын башында "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды өзгөчө көзөмөлдөп жатабыз. Жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда", — деди вице-премьер.

Курчоого алынган май куюучу жай. Чек ара кызматы түшүндүрмө берди
Жүк ташуучулар менен жолугушуунун жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө туш болгон кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу, жаралган маселелерди чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, вице-премьер-министрлер "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жердеги товарларды жана жүктөрдү каттоонун сервистик пунктунун курулуш иши менен таанышты.

Белгилүү болгондой, 10 күндүн аралыгында курулуш иштери аяктайт.

Тармактык органдарга кыска мөөнөттүн ичинде сервисттик пункттун материалдык-техникалык базасын жабдуу, видеокөзөмөл камераларын орнотуу, сервисттик пункттун ишинин тартибин, регламентин бекитүү жана бул тууралуу жүк ташуучуларга маалымдоо тапшырмасы берилди.