Иран Украина учагын эки ракета менен атканын моюндап, чоо-жайын айтты

Кырсыктын кесепетинен учакта бара жаткан 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн баары набыт болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Ирандын Жарандык авиация уюму Украина учагынын кулашы боюнча экинчи алдын ала отчетун чыгарды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта лайнер калк жашаган аймактын үстүндө баратканда "Жер-аба" классындагы эки "Toр-M1" ракетасы менен атылганы айтылат. Ракеталар тийгенден кийин самолет бийикке учуу жөндөмүн жоготуп, кулап жатканда парктагы аттракциондорго урунган. Андан соң футбол аянтчасына түшүп талкаланып, күйүп кеткен.

Иранда кыйраган учак. Ракеталардын учуп чыгып бутага тийген учуру видеодо
Документке ылайык, самолет Тегерандан жергиликтүү убакыт боюнча саат 6.12де (8.42 бшк) абага көтөрүлүп 8,1 миң фут (болжол менен 2,4 миң чакырым) бийиктикке чыккандан кийин байланыш үзүлгөн. Лайнер экинчи байкоодогу радардын экранынан саат 6.15те, биринчи байкоодогу радардан саат 6.18ге жакын жоголуп кеткен. Мерхабад аэропортунун биринчи байкоодогу радарынан алынган маалымат боюнча, Boeing 737-800 саат 6.15те абадагы жолунан чыгып, оң тарапка бурулган. Ал кайра аэропорт тарапка багыт алып үч мүнөттөй учкандан кийин радардан жоголуп кеткен.

Каргашанын чоо-жайы

2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Үч күндөн кийин Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышты. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан "АКШнын аскерий учагы" деп жаңылыштык менен атып алган.