Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Казак" камакка алынды

Буга чейин "Казак" бир нече кылмыштарга, анын ичинде өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, иши сотто каралып, үй камагына чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Казак" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун Умар Маратов аттуу мүчөсү Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Бул тууралуу калаа милициясынан билдиришти.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы кечээ, 19-январда, каралган.

Эске салсак, 17-январда Умар Маратов милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү "Народный" дүкөнүн түн ортосунда карактаган деп шектелип, ыкчам алынган далилдердин негизинде колго түшүрүлгөн.

Буга чейин "Казак" бир нече кылмыштарга, анын ичинде өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, иши сотто каралып, үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк анын ишин караган Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова ишиндеги башка дагы алешемдиктеринен улам президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кызматтан алынган.