Окуя Берлин шаарындагы Ливия маселеси боюнча мамлекет башчыларынын саммитинде болгон. Видео Sputnik Франция агенттигинин YouTube каналына жарыяланды.
Меркель менен Макрон саммиттин башка катышуучулары менен протоколдук сүрөткө түшүүгө даярданып жатышкан. Алар кесиптештеринин арасынан Путинди таппай издеп калышканын байкоого болот. Ал арада канцлер БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштен Россиянын президенти кайда экенин сураган. Себеби Путин Меркелдин жанында турушу керек болчу.
РФ лидери бир нече секундага кечигип келген. Макрон аны менен учурашып тосуп алса, Меркель кайда турушу керектигин көрсөткөн.
Саммиттин жыйынтыгы менен Ливиядагы гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү боюнча документтер кабыл алынды. Катышуучулар өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө ниетин билдиришти. Ошондой эле алар тараптардын чыр-чатагына колдоо көрсөтпөө тууралуу макулдашышкан.
Саммитке Россия, Франция, Германия, Египет, Улуу Британия, Түркия мамлекеттеринин лидерлери жана Еврокомиссия менен эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.