Кытайдагы жаңы вирустун адамдардан бири-бирине жугарын аныкташты

Кытайлык эксперт медицина кызматкерлери да бул илдетти жугузуп алганын, алардын саны учурда 14 экендигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кытайлык адистер коронавирустун жаңы тиби адамдан адамга жугарын айтканын Кытайдын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин эксперттик комиссиясынын башчысы Чжун Наньшань билдирген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Гуандун провинциясында эки учур катталды. Алар Ухань аймагында болгон эмес, бирок үй-бүлөлөрү барып келишкен. Ошол жактан коронавирустун жаңы тибин жуктуруп алган. Андыктан, аталган вирустун адамдан адамга жугары тастыкталды", — деген ал Кытайдын борбордук телеканалында сүйлөп жатып.

Эксперт медицина кызматкерлеринин да бул илдетти жугузуп алганын, алардын саны учурда 14 экендигин айтты.

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 20-январга карата ооругандардын саны 198ге жетти, алардын үчөө көз жумган.

Кытайда пайда болгон жаңы оору Кыргызстанга өтүшү мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Учурда Чжэцзян жана Гуандун провинцияларында 13 адам карантинге жаткырылган.

Коронавирус өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Алгач ирет 1965-жылы пайда болгондугу байкалган. Адамдардын, үй жаныбарларынын, куш, чочко, ири мүйүздүү малдын саламаттыгын жабыркатат. Оорудан дем алуу органдары, ичеги-карын, нерв системасы зыян тартат.

Кооптуу бул вирустун Кытайдан сырткары Түштүк Корея, Япония жана Таиландга жайылганы айтылууда.

Кытай ТИМинин расмий өкүлү Гэн Шуан журналисттерге Кытай аталган абал боюнча Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм менен тыгыз байланышта болуп турганын айтты.