Мурдагы ИИМ кызматкери акча алып жаткан жеринен кармалды. Финполдун видеосу

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) ИИМдин мурдагы кызматкерин акча алып жаткан жеринен кармады.
Sputnik

Видео Финполдун Youtube каналына жүктөлдү. Кадрлардан эркек киши супермаркеттен кармалганын көрүүгө болот. Ал чөнтөгүнөн миң сомдуктарды алып чыккан. Мекемеден билдиришкендей, бул каражат пара катары алынган.

Финпол салыгын жашырган ишканадан 143 млн. сом өндүрдү
Маалыматка ылайык, Финполдун Жалал-Абаддагы кызматкерлерине эркек киши кайрылган. Ал ИИМдин Ош облусу боюнча аймак аралык башкармалыгынын кызматкеринин "кылмыш ишин жандантам" деп коркутуп, миң доллар талап кылып жатканын билдирген.

Аталган факты боюнча соттук өндүрүш башталып, арыз жазган адам талап кылынган акчаны берүүгө камданып жаткан. Бирок ала турчу киши каражатты банктык эсепке которууну талап кылган.

16-январда акча эсепке которулган. Ал эми шектүү 69 миң 750 сомду чыгарып жаткан жеринен кармалган.

"Текшерүү учурунда анын эч жерде иштебей турганы белгилүү болду. Мурда ички иштер органдарында эмгектенген", — дешти Финполдон.

Шектүү Жалал-Абад райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.