Мушкер Нэйт Диас Макгрегор менен Серроненин беттешин шоу деп айыптады

Конорго каршылашын нокаутка кетирүү үчүн болгону 40 секунд керек болду. Ал башында эле катуу чабуулга өтүп, Серроненин мурдун сындырды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Америкалык белгилүү мушкер Нэйт Диас Конор Макгрегор менен Дональд Серроне "сүйлөшүп алып шоу кылышты" деген айыптоосун Twitter баракчасына жазды.

Хабиб Нурмагомедов Конор менен кайра беттешүү үчүн шарт койду
Белгилей кетсек, жекшемби күнү, 19-январда, Лас-Вегастагы UFC 246 турниринде Конор Макгрегор биринчи раунддун 40-секундасында Серронени техникалык нокаут менен жеңип алган.

Ирландиялык мушкер бул беттеши үчүн турнирдин уюштуруучуларынан 50 миң доллар алган.

Ал эми Диас негизги беттештин жыйынтыгынан шек санап жатканын айтып, мушкерлер алдын ала сүйлөшүп алганын кыйытты.

"Мунун баары жалган. Жасалма!" — деди 34 жаштагы америкалык мушкер.

Аталган билдирүү бир нече саатта эле 40 миң "лайк" алып, сегиз миң жолу бөлүшүлдү. Көптөр Диастын пикирин колдоп жатышат.