Апрель революциясы тууралуу ролик тартууга сынак жарыяланды. Шарт-талабы

Сынакка катышууну каалаган кыргызстандыктар даяр видеоролигин 2020-жылдын 10-мартына чейин жөнөтө алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына карата видеоролик даярдоого сынак жарыялады.

Конкурстун максаты — кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүн жана бул күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо. Ага Кыргызстандын жарандары жана резиденттери катыша алат.

Ролик эки категория боюнча кабыл алынат:

  • узактыгы 60 секундадан ашпоосу зарыл;
  • узактыгы 3 мүнөттөн ашпоосу зарыл.

Бир катышуучу бир нече эмгегин жөнөтө алат, бирок бири-биринен өзгөчөлөнүп, айырмалануусу шарт;

Жаш калемгерлердин чыгармаларын акысыз чыгаруу үчүн сынак жарыяланды
Мазмуну Кыргызстандын мыйзам ченемдерине каршы келбеген жана мурда эч жерде жарыяланбаган болуусу абзел;

Жиберилген роликтерге толук автордук укугу бар экенин тастыкташы керек.

Ролик мазмундуулугу, жеткиликтүүлүгү, идеянын креативдүүлүгү жана конкурстун темасына ылайык келишине карап бааланат.

Сынактын байгелери:

  • 1-орун (эки сыйлык), ар бири – 30 000 сом;
  • 2-орун (эки сыйлык), ар бири – 20 000 сом;
  • 3-орун (эки сыйлык), ар бири – 10 000 сом;

Сынакка катышууну каалагандар даяр видеоролигин 2020-жылдын 10-мартына чейин жөнөтө алышат.